КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Абдылдаев Германиянын «Lufthansa» компаниясынын КМШ жана Россия боюнча департаментинин директору Р.Шульц менен жолугушту

2021-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинде КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Э.Абдылдаев Германиянын «Lufthansa» компаниясынын КМШ жана Россия боюнча департаментинин директору Р.Шульц менен жолугушту.

Элчи Э.Абдылдаев биздин мамлекеттин туристтик жана транзиттик дарамети тууралуу айтып, Кыргызстандын Европа мамлекеттери менен, айрыкча Германия менен эл аралык авиакаттамдарды түзүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын авиакомпаниялары «Lufthansa» авиакомпаниясы менен кызматташууну түзүү тууралуу мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK