Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин ишинин 2020-жылга приоритеттери бекитилди

2020-жылдын 10-февралында  КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун төрагалыгы астында Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 11-отуруму болуп өттү. Отурумга КРдагы ЕБнын Өкүлчүлүгүнүн делегациясы, Кеңештин мүчөлөрү, министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.  

КРдагы ЕБнын Өкүлчүлүгүнүн кызматташуу боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Ш.Адриэндин «ЕБнын КРдагы 2019-жылдагы программалык иштери, көйгөйлөр жана аларды биргеликте чечүү боюнча чаралар жөнүндө» маалыматы угулду.
Ошондой эле презентациянын жыйынтыгы боюнча ЕБ менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 2019-жылдагы иш планынын аткарылышы жана ЕБнын негизги программалары боюнча баяндамалары угулду. Бул чөйрөдөгү иштерди өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар талкууланды.
Эң оболу, бюджеттик колдоого, региондорду өнүктүрүүгө жана санариптештирүүнү алдыга жылдырууга, ошондой эле суу ресурстарын башкарууга багытталган ЕБнын КРдагы негизги программаларын ишке ашыруу боюнча акыркы жыйынтыктарга жетүүдө КРнын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жоопкерчиликтерин жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Отурумдун катышуучулары актуалдуу региондук программаларды жана демилгелерди алдыга жылдыруунун жана региондук өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Отурумдун жыйынтыгында ЕБ менен кызматташуу боюнча Координациялык кеңештин 2020-жылга приоритеттери жана Иш планы бекитилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK