Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына арналган сүрөт–көргөзмөнүн ачылышы болду

Ушул жылдын 22-октябрь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
75 жылдыгына арналган сүрөт–көргөзмөнүн ачылышы болду. Аталган иш -чарада Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлүш тарыхы, алгачкы кыргыз дипломаттары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин жетекчилери,ошондой эле, азыркы учурдагы министрликтин ишмердүүлүгү сүрөттөр аркылуу чагылдырылды.

Сүрөт–көргөзмөнүн ачылышында жергиликтүү органдардын, Ош шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле, Ош мамлекеттитк университетинин эл аралык мамилелер факультетинин студенттери жана Ош шаарынын тургундары катышышты.

Сүрөт-көргөзмөнүн негизги максаты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдык тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндө коомчулукту кененирээк тааныштыруу болуп саналат.

Ошону менен бирге, КРнын ТИМнин Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин
75 жылдыгына арналган студенттер арасында “Кыргыз дипломатиясы портретте” аттуу доклад сынагынын жеңүүчүлөрү дипломдор жана белектер менен сыйланышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK