Эль-Кувейт шаарындагы “Ярмук” маданият борборунда “Ала-Тоо фестивалы” жана “Ордо-Сахна” этнографиялык-фольклордук театрдын концерти уюштурулду

Эль-Кувейт шаарындагы “Ярмук” маданият борборунда, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин демилгеси менен, “Дар Аль-Асар Аль-Исламия” маданий уюмдун колдоосунун астында, өлкөнүн кышкы туристтик потенциалын жогорулатуу максатында “Ала-Тоо фестивалы” жана “Ордо-Сахна” этнографиялык-фольклордук театрдын концерти уюштурулду.

Фестивалдын алкагында кыргыз боз үйү тигилип, көрүүчүлөргө Кыргызстанда жашаган сейрек кездешүүчү ак илбирстин бурчу жана ак балдын павильону орнотулуп, кыргыз тамак-аштары тартууланды.

Фестивалдын ачылышында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси С.Адамкулова сөз сүйлөп, Кыргызстандын кышкы туристтик мүмкүнчүлүктөрү, экологиялык дипломатия жөнүндө айтып берди. Аны менен бирге, эки өлкө ортосундагы ачылган түз аба каттам туризм тармагында кызматташууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн белгиледи. Бул иш-чара эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдык мааракесине карата уюштурулгандыгын маалымдады.

Фестивалга 300 дөн ашуун коноктор катышты, алардын ичинде 80ден ашуун кувейттик туризм тармагында иштеген компания өкүлдөрү келип, Эль-Кувейт-Ош-Эль-Кувейт түз аба каттамын ачкан “Jazeera Airways” авиакомпаниясынын өкүлдөрү коноктор үчүн эки акысыз билет ойнотту.

Мындан тышкары фестивалга Кувейт Мамлекетинде жашаган мекендештер активдүү катышып, иш-чараны өткөрүүгө өз көмөктөрүн көрсөтүштү.

Жыйынтыгында конокторго, Кыргызстандан келген “Ордо-Сахна” этнографиялык-фольклордук театрдын концерттик программасы тартууланды. Концерттик программа алкагында кыргыз улуттук аспаптары тааныштырылып, бардык улуттук күү жана ырларга катышуучулар кызыгуу жана суктануу менен баа беришти.

Иш-чара коноктор тарабынан аябай кызыгуу менен кабыл алынып, Кувейттин белгилүү Массалык-маалымат каражаттары тарабынан жергиликтүү маалымат аянтчасында кеңири чагылдырылды.

Өткөрүлгөн фестиваль, 2019-жылдагы Кыргыз-Кувейт дипломатиялык мамилелеринин 25-жылдык мааракесине карата уюштурулган иш-чаралардын жыйынтыктоосу болду. Эскерте кетсек, 2019-жылдын ар бир мезгилинде өлкөнүн туристтик жана экспорттук потенциалын жайылтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги тарабынан фестивалдар жана көргөзмөлөр демилгеленип, өткөрүлүп келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK