Япониянын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

2019-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамураны, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыктын конкреттүү аспекттери талкууланды. Атап айтканда, эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселелери каралды. 

2017-жылы Япония Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын жакшыртууга 5,7 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам бергендиги ыраазычылык менен белгиленди.

Министр Ч.Айдарбеков инфратүзүмдүк жана социалдык долбоорлорду колдогондугу үчүн япон тарабына ыраазычылык билдирди. Тактап айтканда, 2019-жылдын 17-июлунда Кыргызстан менен Япония «Талас-Тараз автожолундагы Урмарал дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун» ишке ашыруу боюнча жалпы суммасы 16,5 млн. АКШ долларына жакын өлчөмүндөгү макулдашууга кол коюшту.

Япониянын КРдагы Элчилиги билим берүү, саламаттык сактоо жана башка социалдык чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга багытталган «Чөптүн тамырлары жана адам коопсуздугу» аттуу Япония Өкмөтүнүн Программасын натыйжалуу ишке ашырып жаткандыгы белгиленди. 

Тараптар кыргыз-япон мамилелери эки өлкөнүн элдеринин бакубаттуулугу үчүн мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишеним билдирди.

Министр Ч.Айдарбеков Элчи Ё.Ямамурага кыргыз-япон мамилелерин бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана анын кесиптик ишмердүүлүгүнө мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK