2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында АӨИЧК тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин эл аралык кызматташуу боюнча Казакстан Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Ержан Казыханов менен жолугушуусу болду.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак өз ара аракеттенүүлөрүнүн актуалдуу маселелерин талкуулап, алдыда боло турган эки тараптуу тышкы саясий иш-чаралар боюнча сааттарын тууралашты. Ошондой эле көп тараптуу аянтчанын алкагында эл аралык жана региондук күн тартибинин маселелери боюнча пикир алмашышты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарларынын жыйынтыктары боюнча жетишилген келишимдерди, ушул жылы боло турган Өкмөттөр аралык Кеңештин эки тараптуу 9-жыйналышын тез аранын ичинде иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгилешти, биримдиктин жана стратегиялык өнөктөштүктүн рухунда Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүлөргө даяр экендиктерин билдиришти.

  • 2021-жылдын 12-октябрында Нур-Султан шаарында АӨИЧК тышкы иштер министрлеринин 6-жолугушуусунун аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин эл аралык кызматташуу боюнча Казакстан Республикасынын Президентинин атайын өкүлү Ержан Казыханов менен жолугушуусу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK