КРнын ТИМнин в БЖО облустарындагы ЫУӨнүн жетекчиси М.Исмаиловдун Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ж.К.Фырат менен жолугуусу

2019-жылдын 8-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаилов Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолукту.

Жолугушуу алкагында тараптар Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын Түркия Республикасынын провинциялары менен болгон соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү аймак аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле Ош шаарында түрк тарабынын финансылык колдоосу менен ишке ашырылган экономикалык долбоорлордун ишке ашырылуусу тууралуу ой-пикир алмашышты.

Ошону менен бирге, тараптар 2019-жылы Ош шаарын Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыялангандыгынын алкагында иш -чараларды өткөрүү максатында тыгыз өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Өз кезегинде Элчи Женгиз Камиль Фырат Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын аймак аралык байланыштарын мындан ары да бекемдөөгө жана Ош шаарына, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына түрк инвестицияларын тартууга кызыктар экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK