Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык соода борборунун (ЭАСБ) Аткаруучу директору Памела Коук-Хэмилтон менен жолугушту

2023-жылдын 1-мартында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментине катышуу үчүн Женевага болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык соода борборунун (ЭСБ) Аткаруучу директору Памела Коук-Хэмилтон менен жолугушту.

Министр Ж.Кулубаев ЭСБ менен өз ара аракеттенүүнүн кыргыз тарабы артыкчылыктуу маани берген төмөнкү үч багытын белгиледи – бул креативдүү экономиканы өнүктүрүү, тышкы карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу, тоолорду туруктуу өнүктүрүү. Ал маектешине ушул үч жаатта Кыргыз Республикасы жүргүзүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Министр Ж.Кулубаев Кыргызстанда креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана тышкы карызды «жашыл» долбоорлорго алмаштыруу боюнча ЭСБнын тажрыйба түрүндөгү колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Тоолорду туруктуу өнүктүрүү контекстинде ЭСБга тоолуу аймактардын дүйнөлүк экономикага интеграциялануусуна байланышкан көйгөйлөргө изилдөө жүргүзүү жана баяндама жасоо өтүнүчү менен кайрылды. Мындан тышкары, Министр Кыргызстандын ишкердикти жана фермердикти колдоо максатында тоолуу өлкөлөрдө «Инновациялар жана алдыңкы технологиялар борборлорун» ачуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси жөнүндө маалымдап, аны практика жүзүндө ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Эл аралык соода борборунун (ЭАСБ) Аткаруучу директору Памела Коук-Хэмилтон менен жолугушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK