Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чехия Республикасында иштөө максатында визаларды жана жашап турууга уруксатты алуу маселеси боюнча Чехия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү келип түшкөндүгүн маалымдайт.

Мында, Чехия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Чехия Республикасында иштөө максатында визаларды жана жашап турууга уруксатты алууга арыздар кадрдык жана техникалык мүмкүнчүлүктөргө ылайык кабыл алынаарын билдирет.

Ушуга байланыштуу, Чехия Республикасынын Нур-Султан жана Алмата шаарларындагы Элчилиги өзүнүн кызыкдар экендигин көрсөткөн бардык арыз ээлеринен каалаган убакытта суроо-талаптарын кабыл ала албайт. Чехия Республикасынын ТИМинин маалыматы боюнча ар бир арыз ээси  Чехия Республикасында жумуш издөөдө ресурстарын коротконго чейин бул жөнүндө ойлонушу керек.

Чехия Республикасынын Тышкы иштер министрлиги визалык борборлор, туристтик агенттиктер жана башка үчүнчү тараптар Чехия Республикасында иштөө үчүн визаларды берүүдө кепилдик бербейт жана чечим чыгара албай тургандыгын белгиледи. Бул чечим Чехиянын компетенттүү органдарынын гана жоопкерчилиги болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK