КРнын ТИМнин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси М.Исмаилов БУУнун Балдар фондунун башчысы Э.Каниев жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Л.Патеноде менен жолукту

2019-жылдын 5-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мирланбек Исмаиловдун Ош шаарындагы БУУнун Балдар фондунун кеңсесинин башчысы Эрадж Каниев жана Ош шаарындагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси Люк Патеноде менен жолугушуулары өттү.

Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаиловдун Ош шаарындагы БУУнун Балдар фондунун кеңсесинин башчысы Эрадж Каниев менен жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо жана балдардын укуктарын чыңдоо чөйрөсүндөгү долбоорлордун ишке ашырылышын, атап айтканда «Эненин жана баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө» долбоорун, ошондой эле 2019-жылы ишке ашырууга пландаштырылган долбоорлор тууралуу пикир алмашышты. Ошону менен катар, Өкүлчүлүктүн жетекчиси М.Исмаилов кеңсенин башчысын КРнын ТИМнин камкордугуна алынган - Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатына барып келүүгө чакырды.

М.Исмаиловдун Ош шаарындагы БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кеңсесинин башчысы Люк Патеноде менен жолугушуусунун алкагында мектеп тамактануусун жакшыртуу жана калктын аярлуу катмарларын коргоо чөйрөлүндөгү кеңсенин долбоорлорун талкуулашты.

Жолугушуулардын алкагында Өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан Ош шаарында, ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында долбоорлорду жүзөгө ашырууда тыгыз кызматташуу зарылчылыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK