Ош шаарында Эл аралык кулчулуктун жабырлануучуларын эскерүү жана аны жок кылуу күнүнө карата конференция өттү

Ушул жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору менен биргеликте ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин «Адамдарды сатууга каршы күрөшүү» долбоорунун колдоосу менен Эл аралык кулчулуктун жабырлануучуларын эскерүү жана аны жок кылуу күнүнө карата конференция өткөрдү.

Конференциянын эң негизги максаты мамлекеттик органдарынын кулчулукка каршы күрөшүү жана аны жок кылуу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарын чыгаруу, ошондой эле, ушул чөйрөдөгү мамлекеттик органдар аралык кызматташууну чыңдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болуп саналат.

Конференцияда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү – кулчулукка каршы күрөшүү Координациялык Кеңешменин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Ош шаарынын мэриясынын, ошондой эле, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышышты.

Иш чарада адамдарды сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндө алып барылып жаткан иштер жөнүндө докладдар окулду жана талкууланды, ошондой эле компетенттүү органдардын адам сатуунун алдын алуу жана аны менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуусун жакшыртууга багытталган сунуштарды иштеп чыгылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK