Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мээримбек Апышов Казакстандын Ош шаарындагы консулу Мухтар Карибай менен жолугушту

2022-жылдын 5-августунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн башчысы Мээримбек Апышов менен Казакстан Республикасынын Ош шаарындагы консулу Мухтар Карибайдын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ош шаары менен Кыргызстандын түштүк облустарынын, ошондой эле Казакстандын облустары менен аймактар аралык жана боордош шаарлардын кызматташтыгын арттыруу, мындан сырткары 6-Эл аралык универсалдуу «Түштүк ЭКСПО-2022» көргөзмө-жарманкесинин ишине кызыкдар казак компанияларынын катышуусун талкуулашты.

Тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен Түркистан облусунун Акимчилигинин, Баткен облусу менен Актөбө облусунун Акимчилигинин, Жалал-Абад облусу жана Атырау облусунун Акимчилигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумдарды ишке ашырууга көмөктөшүүнү макулдашышты.

Мындан тышкары, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда боордош шаар мамилелерин түзүү, алардын ортосунда түз авиа каттамдарды ачуу планы талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK