КРнын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат алуу

Чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдү тартууга уруксат алуу үчүн арыз берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматына кайрылышы керек

1-кадам. Жеке өзү же ыйгарым укуктуу өкүлү арыз менен кайрылат;

2-кадам. Арызды каттоо, документтерди кабыл алуу жөнүндө тилкат берүү;

3-кадам. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квота алуу үчүн өтүнмөлөрдү (арыздарды) кароо боюнча ведомстволор аралык уруксат берүүчү комиссиянын отуруму;

Оң чечилген учурда

Терс чечилген учурда

4-кадам. Мамлекеттик алым төлөө

4-кадам. 5 иш күндүн ичинде баш тартуунун себебин көрсөтүү менен кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу түрүндө кабарлама алуу.

5-кадам. Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат алуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы тарабынан берилүүчү кабыл алуу жана кароо боюнча кызмат көрсөтүүлөр – акысыз.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелери боюнча консультациялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан +996 312 30-11-17 телефону аркылуу ишке ашырылат.

Уруксат документтерин берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген төлөм алынат (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 токтому).        

Чет өлкөлүк жеке ишкердин иштөөсүнө уруксат алуу:

1-кадам. КР салык кызматы күбөлөндүргөн патенттин негизинде 3 айга алдын ала төлөө менен арыз берет;

2-кадам. Арызды каттоо, документтерди кабыл алуу жөнүндө тилкат берүү;

3-кадам. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына иштөөгө уруксат берүү үчүн мамлекеттик алым төлөө жөнүндө квитанциянын түп нускасын берүү.

4-кадам. Иштөөгө уруксат алуу.

 

Миграция кызматы тарабынан берилүүчү кабыл алуу жана кароо боюнча кызмат көрсөтүүлөр – акысыз.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу маселелери боюнча консультациялар Кызматтын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 0312 301117 номери аркылуу ишке ашырылат.

Уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген төлөм алынат (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-октябрындагы № 754 токтому). 

 

 

Эскертүү:

 

Эмгек ишмердүүлүгүнө уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн мамлекеттик алым төлөө ведомстволор аралык уруксат берүү комиссиясы тарабынан арыздар каралгандан кийин жүргүзүлөт

Арыздарды жана анкеталарды жөнөтүү үчүн электрондук почта migration@ssm.gov.kg

Сурап-билүү үчүн телефон: 0312 30-11-17

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксат алууга электрондук түрдө документтерди берүү боюнча нускама

  1. Жалпы жоболор

1.1. Ушул документ электрондук почтаны пайдалануу менен электрондук түрдө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматына (мындан ары – ММК) документ берүү мүмкүнчүлүгүн караштырган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын 2018-жылдын 25-январындагы № 21-ни буйругун ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

1.2. Ушул документ Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксаттарды тариздөө үчүн ММК дарегине электрондук түрдө документтерди даярдоо жана жиберүү тартибин аныктайт, ошондой эле алардын ортосундагы кайтарым байланыштын тартибин регламенттейт.

 1.3. Электрондук документтерге мыйзамдарда коюлган негизги талаптардын сакталышын камсыздоо максатында Арыз берүүчүлөр менен ММК ортосундагы өз ара мамилелер электрондук санариптик колтамганы (ЭСК) колдонуу каражаттарын пайдаланууга негизделет. ЭСК пайдалануу электрондук документ жүгүртүү чөйрөсүндө пайда болгон укук мамилелеринин катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин регламенттөөгө жана белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Эскертүү: ЭСК “Электрондук санариптик колтамга жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жалпы пайдалануудагы маалыматтык системаларга пайдалануу үчүн электрондук колтамганы текшерүү ачкычтарынын сертификаттарын чыгарган жана аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлору болгон уюмдар тарабынан берилет.

Аккредитацияланган күбөлөндүрүү борборлорунун тизмеси:

  • «ИнфоКОМ» МИ
  • «UTR» ЖЧК
  •  «DosTech» ЖЧК
  1. Кароого берүү үчүн электрондук түрдөгү документтерди даярдоо

2.1. Документтер кандай болбосун электрондук почта кызматы аркылуу (mail.ru, yandex.ru, gmail.com, yahoo.com ж.б.), ошондой эле корпоративдик почта кызматтарын пайдалануу менен ММКга жиберилет.

2.2. Электрондук түрдө документтерди берүү үчүн документтер сканерлөө каражаттарынын жардамы менен электрондук түргө которулушу керек (кагаз документтерден сканерленген файл түрүндөгү электрондук документтер).

2.3. Документтердин баары түп нусканын бардык аутенттүү белгилерин, атап айтканда: кызмат адамынын графикалык колтамгасынын, мөөрдүн, бланктын бурчтуу штампынын, чыккан номеринин жана арыздын датасынын ж.б.у.с. сакталышын камсыздаган PDF форматында сканерлениши керек.

2.4. Ар бир өзүнчө документ сканерленип жана документтерди берүү системасына өзүнчө файл катары жүктөлөт (бир нече баракты камтыган документтер бир файлга сканерленет).

2.5. Файлдардын саны кароого берилген документтердин санына дал келиши керек, ал эми файлдын аталышы документти жана документтеги барактардын санын идентификациялоого мүмкүнчүлүк бериши керек (мисалы: Эмгек келишими.3б.pdf).

2.6. Документтердин образдарын сканерлөө түп нусканын бардык аутенттик белгилеринин, атап айтканда:  кызмат адамынын графикалык колтамгасынын, мөөрдүн, бланктын бурчтуу штампынын, чыккан номеринин жана арыздын датасынын ж.б.у.с. сакталышын камсыздоону көңүлгө алуу менен ишке ашырылат.

2.7. ММК буйругуна ылайык кароого төмөнкү документтердин сканверсиялары жиберилет:

а) Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга уруксат алууга документтер:

  • Бланктагы чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга жана пайдаланууга арыз (белгиленген үлгүдө);
  • Мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
  • Ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга лицензия тийиштүү тиркемелери менен (лицензияланган ишмердүүлүк болгон учурда).

б) Иштөөгө уруксат алууга документтер (жеке карточкалар):

  • Чет өлкөлүк жумушчунун анкеталык маалыматтары бар бланктагы арыз (белгиленген үлгүдө);
  • Чет өлкөлүк жарандын колдонуудагы визасы (категория I, W1) же каттоосу бар паспортунун көчүрмөсүнүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн котормосу;
  • Эл аралык үлгүдөгү ВИЧ-инфекцияга канды текшерүү жөнүндө медициналык маалымкат (республикалык СПИД борбору, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 8, Бөкөнбаев көчөсү менен кесилишет);
  • Ак фондуу, бурчу бар жалтырабаган кагаздагы түстүү фото (өлчөмү 3х4, форматы JPEG (мүмкүнчүлүгү 1 дюймга 300 чекит) – 1 даана.

2.8. Кароого жиберилген кагаз алып жүрүүчүдөн сканерленген образы бар файлдарга Арыз берүүчүнүн электрондук санариптик колтамгасы (ЭСК) коюлат жана ведомствонун www.ssm.gov.kg расмий сайтына коюлган ММК ачык ачкычы менен шифрленет. ЭСК менен кол коюлган аталган файлдар архивдик файлга таңгакталат (мындан ары – транспорттук контейнер).

2.9. Түзүлгөн файлдар ММКга электрондук почтанын дарегине жиберилет (каттын темасына “ЧЖК – уюмдун аталышын”  көрсөтүү менен): migration@ssm.gov.kg.

2.10. Бир кат менен бир арыз жиберилет (бир компаниядан). Бир нече компаниянын арыздары берилген учурда электрондук почтанын көрсөтүлгөн дарегине тийиштүү сандагы каттарды жиберүү зарыл, алардын ар биринде документтердин толук пакети камтылышы керек.

Документтерге ЭСК кол коюу тартибин башка нускамадан караңыз.

  1. Арыз берүүчү менен кайтарым байланыш

3.1. Электрондук түрдө документтер жөнөтүлгөндөн кийин Жөнөтүүчүнүн дарегине электрондук документтер ММК системасына жеткирилип берилгенин тастыктаган уникалдуу номерди камтыган билдирүү жиберилет. Уникалдуу номерди сактап коюу зарыл (жазып алуу, тексттик редакторго көчүрүү ж.б.у.с.).

3.2. Арыз берүүчү кайрылганда ушул документтин 3.1. пунктунда айтылган уникалдуу номерди көрсөткөн учурда электрондук документтер ММКга өткөнү жөнүндө маалымат алат.

3.2. Эгер транспорттук контейнер ММК тарабынан белгиленген форматтык-логикалык контролдун талаптарына жооп бербесе арыз берүүчүнүн электрондук почтасынын дарегине табылган дал келбестик тууралуу маалымат камтылган билдирүү жиберилет. Транспорттук контейнер андан ары иштеп чыгууга жиберилбейт.

3.3. Электрондук документтер алынган күндөн кийинки иш күндөн кечиктирбестен документтер толук комплект болгон учурда арыз ээсине электрондук почта дареги боюнча электрондук документтер алынганы жөнүндө тилкаты бар файл (билдирүү) жиберилет.

3.4. Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча чечим жөнүндө арыз берүүчүнүн электрондук почтасынын дарегине кабарлама жиберилет.

Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын сайтынан алынды. Кеңири маалымат менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын сайтында таанышсаңыз болот: www.ssm.gov.kg/