Соода-экономикалык кызматташтык
Кыргызстан менен Корея Республикасынын соода жана экономикалык кызматташтыгы эки тараптуу мамилелердин ортосундагы маанилүү аспекттеринин бири болуп саналат
2022-жылдын июнь айына карата Корея менен сооданын көлөмү – 63 613 000 АКШ долларды түздү, анын ичинде импорт – 63 482 000 АКШ долл, ал эми эскпорт – 131 миң АКШ долларын түзгөн.
Кореядан Кыргызстанга пластмасса, андан жасалган буюмдар, поликарбонат, алкид чайырлар жана башка полиэфирлер, машиналар, жүк ташуу үчүн унаалар, ар түрдүү тамак-аш жана дары-дармек, машиналардын жабдуулары үчүн тетиктер, электр машиналары жана аппараттар, байланыш жабдуулары, үн жазууча аппараттар жана башкалар импорттолот.
Кыргызстандан негизинен аз санда, бал, жаңгактар, мал чарба азыктары, дары-дармек өсүмдүктөрү жана сейрек кездешүүчү металлдар экспортко чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 1057дөн ашуун Кореялык компаниялар чакан жана орто бизнес тармагында катталган.