Нотариалдык маселелер


Нотариалдык маселелер

Консул төмөнкүдөй нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырат:

  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуу жөнүндө келишимдерден башка бүтүмдөрдү күбөлөндүрөт;
  • мураска калтырылган мүлктү коргоого карата чараларды көрөт;
  • мураскордукка укугу тууралуу күбөлүктөрдү берет;
  • жубайлардын жалпы мүлкүндөгү үлүшкө менчик укугу тууралуу күбөлүктү берет;
  • документтердин көчүрмөлөрүнүн жана алардын үзүндүлөрүнүн аныктыгын күбөлөндүрөт;
  • документтерге коюлган колдун аныктыгын күбөлөндүрөт;
  • документтердин бир тилден башка тилге которулушунун тууралыгын күбөлөндүрөт;
  • жарандын тирүү болуу фактысын күбөлөндүрөт;
  • жарандын белгилүү бир жерде болуу фактысын күбөлөндүрөт;
  • жарандын фотосүрөт менен окшоштугун күбөлөндүрөт;
  • документтерин көрсөткөн убактысын күбөлөндүрөт;
  • акча суммаларын жана баалуу кагаздарды депозитке кабыл алат;
  • аткаруу жазууларын жүзөгө ашырат;
  • документтерди сактоого кабыл алат;
  • далилдөөлөрдү камсыз кылат;
  • деңиз протесттерин жасайт.

Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары менен Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин кызмат адамдары жасай турган башка нотариалдык иш-аракеттер да каралышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер консулдук мекемеде жүргүзүлөт. Айрым учурларда нотариалдык иш-аракеттер бул көрсөтүлгөн мекемеден сырткары жерлерде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Нотариалдык иш-аракеттер аткаруу үчүн керектүү болгон бардык документтер берилген, мамлекеттик алым, консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттар төлөнгөн күнү жүзөгө ашырылат.

Нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүчү бүтүмдөргө, ошондой эле арыздарга жана башка документтерге нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашырып жаткан консулдун катышуусунда кол коюлат. Эгерде бүтүмгө, арызга же башка документке консул жок учурда кол коюлса, кол коюучу документке ал кол койгондугун жеке ырастоого милдеттүү.

Консулдар төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алышпайт:

  • документтерде кырып оңдолгон же кошуп жазылган сөздөрү, чийип салынган сөздөрү жана башка алдын ала сүйлөшүлбөгөн оңдоолору болсо, ошондой эле документтер калем менен жазылса;
  • документтер бир нече баракка жазылып, бирок беттери номерленбесе жана боо өткөрүлүп байланбаса, документти берген уюмдун кызмат адамынын колу коюлбаса жана мөөрү басылбаса;
  • документтерге колу факсимилде коюлса.

Консул төмөнкү учурларда нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартат:

  • мындай иш-аракетти жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келсе;
  • нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу өтүнүчү менен ишке жарамсыз жаран же тиешелүү ыйгарым укуктары болбогон өкүлү кайрылса;
  • юридикалык жактын атынан жасалган бүтүм, анын уставындагы же жобосундагы максаттарга карама-каршы келсе;
  • бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе;
  • нотариалдык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келбесе.

Консул нотариалдык иш-аракеттер үчүн каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коюмдар боюнча алат.


Ишеним кат, Макулдук

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде ишеним каттарды берүү жана ишеним берүүчүнүн атынан Кыргыз Республикасында юридикалык аракеттерди жүзөгө ашырууга арыздарды күбөлөндүрүү түрүндө нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзө алат.

Нотариалдык иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде арыз ээсинин жеке катышуусу жана төмөнкү документтерди берүү менен жүргүзүлөт:

  1. Аты-жөнү, жашаган жеринин дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлгөн талап кылынган документти тариздөө үчүн арыз (Элчиликте толтурулат).
  2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту + көчүрмөсү.
  3. Кыргыз Республикасынын жаранынын ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.
  4. Документтин түрүнө жараша төмөнкүлөр берилет:
  • жашы жете элек баланы чет өлкөдө коштоп жүргөн учурда туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү жана баланын жарандык паспортунун көчүрмөсү.
  • кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү башкаруу укугуна карата - укук белгилөөчү документтин көчүрмөсү (каттоо күбөлүгү, үй китепчеси, транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү, соода-сатык келишими ж.б.)
  1. Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин төмөнкү банктык эсебине 10 АКШ доллары өлчөмүндө консулдук жыйымдар төлөнгөндүгү тууралуу квитанциянын түп нускасы. Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм (KEB Hana Bank) банкта гана жүргүзүлүшү керек. Интернет-банкинг же банкоматтан которуу мүмкүн эмес. Консулдук жыйымдар консулдук иш-аракет аткарылганга чейин төлөнөт.

Account holder (예금주):

Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number (계좌번호):

166-890032-68638 (US dollar account)

Bank (은행):

KEB Hana Bank (외환은행)

ЭСКЕРТҮҮ: Кээ бир учурларда, кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн.

Маанилүү маалымат: өтүнмө ээлеринин ыңгайлуулугу үчүн ишеним кат берүүгө арыздарды алгачкы кабыл алуу kyrgyzconsulkorea@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу, ишеним каттын текстин алдын ала бекитүү үчүн жүргүзүлөт.

Кабыл алуу убактысы: Дүйшөмбү - Жума, 09:00 - 12:30 алдын ала жазылуу боюнча.


Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинде нотариалдык кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин Консулдук каттоосунда болушу керек.

Консулдук каттоодо турбаган жарандар нотариалдык иш-аракеттерди жасоо жөнүндө арыз менен бирге консулдук каттоого туруу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Консулдук каттоо жөнүндө толук маалыматты Консулдук каттоо бөлүмүнөн тапса болот.