Кыргызстандын Элчиси Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун (KIAT) президенти менен жолугушуп, артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулады

2172

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова Кореянын алдыңкы технологиялар институтунун (KIAT) президенти Йонг Чоль Сёк менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагындагы корей-кыргыз технологиялык консультациялар жана тренингдер долбоорунун жүрүшүн талкуулашты. Ошондой эле жеңил өнөр жай тармагындагы келечектүү долбоорлор, атап айтканда Кыргызстанда текстиль өндүрүшү үчүн санариптик технологиялар боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү, ошондой эле суу ресурстарын башкаруу, тамак-аш өнөр жайы, текстиль технопаркынын курулушу, энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана башка тармактар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык көйгөйүнө байланыштуу КР Элчиси А.Исмаилова Кыргызстанга жашыл алдыңкы технологияларды тартууга көбүрөөк көңүл бурууну сунуштады.

KIATтын президенти Йонг Чоль Сёк Түштүк Корея өкмөтүнүн чечиминин алкагында Кыргызстан жакынкы 5 жылда ОПР аркылуу гранттык жардам ала турган өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгендигин белгиледи. Корея тарап Кыргызстан үчүн алдыңкы технологияларды эске алуу менен кореялык тажрыйбаны берүүгө көңүл бурууга ниеттенүүдө. Мындан тышкары, KIATтын президенти корей тараптын кен байлыктарын казууга, ГЭСтерди курууга, ошондой эле өнөр жай технологияларын ар тараптуу колдоого кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK