Кыргызстандын Элчиси Д.Кемелова Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Корея-Кыргызстан парламенттик достук тобунун башчысы Кан Ги-юн мырзма менен жолугушту

4007

Ушул жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Корея-Кыргызстан парламенттик достук тобунун жакында дайындалган жетекчиси Кан Ги-юн мырзма менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө маектештер Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова Кыргызстанда болуп өткөн шайлоолор жана референдумдар боюнча маанилүү иш-чаралар, ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн, тактап айтканда, кыргыз жана корей элдеринин саясий системаларынын демократиялык баалуулуктарга карата окшоштугун белгиледи.

COVID-19 темасын талкуунун алкагында Кыргызстандын Элчиси вакциналардын жана заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздиги жөнүндө айтып, коронавирус эпидемияга каршы күрөшүү боюнча заманбап медициналык шаймандар (рентген аппараттары, желдеткичтер ж.б.) түрүндө Кыргызстандын потенциалын көтөрүүгө, ошондой эле коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүндү.

Маектешүүлөр ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK