Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекцияны ташып келүүсүн жана таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2640

Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга карата COVID-19 коронавирустук инфекцияны ташып келүүсүн жана таралышынын алдын алуу боюнча иш-аракеттердин Алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди (мындан ары - Алгоритм).

Алгоритмде төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилген:

  • ПЦР тестинен өтүү үчүн сертификаттын же COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документтин (кагаз же санарип форматында) болушу талабы ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрү) коштоосунда 12 жашка чыга элек балдарга жайылтылбайт;
  • жүргүнчүлөрдө жана экипаж мүчөлөрүндө клиникалык көрүнүштөр (температура, жөтөл ж. б.) аныкталганда аэровокзалдык комплексте COVID-19га экспресс-тестирлөө жүргүзүлөт;
  • ПЦР-тесттин колдонуу мөөнөтү (72 саат) учуу жана авиа каттамдардын кармалышына байланыштуу объективдүү себептер боюнча бүткөн учурда жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

Ошону менен бирге, мурдагыдай эле, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына кирүү үчүн тандалып алынган учурдан тартып өлкөгө келгенге чейин акыркы 72 сааттын ичинде өткөрүлгөн ПЦР-тесттин жыйынтыгын же Кыргыз Республикасы тарабынан таанылган COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы вакцинаны алгандыгын тастыктаган документ (сертификат) көрсөтүшү керек экендигин белгилейбиз. (Кыргыз Республикасында таанылган сертификаттары бар өлкөлөрдүн тизмеси төмөндө караңыз).

Жогоруда аталган талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерине да жайылтылат.

Бул талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча келген чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрүнө;
  • аба кемелеринин экипаждарына;
  • ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) коштоосунда 12 жашка чейинки балдарга;
  • Кыргыз Республикасына шайлоо процессине жиберилген эл аралык байкоочуларга.

Жогорудагы талаптар 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасында таанылган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын эмдөө сертификаттары:

  •  

Корея Республикасы

  •  

Австралия Бирлиги

  •  

Австрия Республикасы

  •  

Азербайжан Республикасы

  •  

Америка Кошмо Штаттары

  •  

Аргентина Республикасы

  •  

Бельгия Падышалыгы

  •  

Бириккен Араб Эмираттары

  •  

Бириккен Улуттар Уюму

  •  

Ватикан шаар-Mамлекети

  •  

Германия Федеративдик Республикасы

  •  

Грузия

  •  

Европа Бирлиги

  •  

Израиль Мамлекети

  •  

Индия

  •  

Индия Республикасы

  •  

Казакстан Республикасы

  •  

Камбоджа Падышалыгы

  •  

Катар Мамлекети

  •  

Кувейт Мамлекети

  •  

Мальдив Республикасы

  •  

Марокко Падышалыгы

  •  

Монголия

  •  

Нидерланды

  •  

Өзбекстан Республикасы

  •  

Палестина Мамлекети

  •  

Польша Республикасы

  •  

Россия Федерациясы

  •  

Румыния

  •  

Сан-Марино Республикасы

  •  

Сауд Аравия Падышалыгы

  •  

Түркия Республикасы

  •  

Украина

  •  

Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу

  •  

Франция Республикасы

  •  

Черногория Республикасы

  •  

Чех Республикасы

  •  

Швейцария Конфедерациясы

  •  

Эстон Республикасы

  •  

Япония

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK