Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Исмаилованын Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруусу жөнүндө

1955

2022-жылдын 25-мартында Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Рю Джонг Хён менен жолугушуусу болуп өттү. 

Тышкы иштер министринин орун басары Рю Чон Хён Элчи Аида Исмаилованы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына киришүүсү менен куттуктап, ишине ийгилик жана жемиштүү иш алып барууну каалады.

Өз кезегинде элчи Аида Исмаилова каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, ар тараптуу кыргыз-корей мамилелерин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектешүүчүлөр эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK