2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен биргеликте "Seoul International Travel Fair 2023" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында 300дөн ашык кызыкдар кореялык компаниялардын өкүлдөрүнүн жана Түштүк Кореянын жарандарынын катышуусунда кыргыз-корея туристтик бизнес-форум уюштурду.

271

2023-жылдын 5-майында Элчилик Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен  биргеликте "Seoul International Travel Fair 2023" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн алкагында 300дөн ашык кызыкдар кореялык компаниялардын өкүлдөрүнүн жана Түштүк Кореянын жарандарынын катышуусунда кыргыз-корея туристтик бизнес-форум уюштурду. Элчи А.Исмаилова, Кыргызстандын туристтик потенциалы менен тааныштырып, 2023-жылдын июнь айынан баштап Кыргыз Республикасы менен Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышын эске алуу менен Түштүк Кореядан Кыргыз Республикасына келген туристтердин саны өсөөрүнө ишенимин билдирди.
 
Бизнес-форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеороликтер көрсөтүлүп, Кыргызстан тууралуу буклеттер таратылып, Кыргызстандын маданияты менен таанышуу максатында корей жана кыргыз тилдеринде ырлары, кыргыз бийлери да аткарылды. Аталган иш-чара кореялык туристтерди Кыргыз Республикасына тартуу боюнча эң ири иш-чара болуп саналат.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи үстүбүздөгү жылда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30-жылдыгын белгилеп жатканын баса белгилеп, Негизги Мыйзам мындан ары да кыргыз элинин кызыкчылыгына кызмат кылып, Кыргызстандын мындан ары натыйжалуу өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.
 
2023-жылдын 4-майында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси А.Исмаилованын жана Корея Республикасынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда “Seoul International Travel Fair 2023” эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
 
2023-жылдын 4-7-майында аталган көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүү фонду ата мекендик туристтик компаниялар менен биргеликте биздин өлкөнү тааныштырууда.
 
Бул көргөзмөнүн алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалы көрсөтүлүп, Кореяга жөнөтүлгөн ата мекендик кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган буюмдары, ошондой эле Кыргызстандын экологиялык таза продукциялары (кыргыз балы жана шоколады) Сеулдагы Кыргыз Республикасынын соода үйү тарабынан көргөзмөгө коюлган.
 
Маалымат үчүн: SITF көргөзмөсү жыл сайын Сеулда өткөрүлүп туруучу Азия чөлкөмүндөгү эң ири эл аралык туристтик көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн туроператорлору жана туристтик агенттиктери чогулат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK