2023-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен Түштүк Кореянын Финансылык кызматтар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Ким Сонг Йонг жетектеген «Korea Telecom» компанисынын туунду «BC Card» жана «Smartro» компанияларыны жетекчилиги түзгөн кореялык делегация Кыргыз Республикасына сапар менен келишти.

282

2022-жылдын 19-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы Алмаз Исанов Түштүк Кореянын Финансылык кызматтар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Ким Сонг Йонг жетектеген «Korea Telecom» компанисынын туунду «BC Card» жана «Smartro» компанияларыны жетекчилиги түзгөн кореялык делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен кореялык «BC Card», «Smartro» компанияларынын жетекчилигинин ортосунда финансылык (төлөм) инфраструктурасын түзүү боюнча Меморандумга кол коюлду. Бул меморандум Кыргыз Республикасынын экономикасынын “ачык-айкындуулугун” жогорулатууга маанилүү кадам.

Ким Сонг Ёнг Кыргыз Республикасы өлкө үчүн оптималдаштырылган финансылык инфраструктурасын камсыз кылуу жана кеңейтүү аркылуу алдыга койгон максатына тез арада жете аларына ишеним билдирди. Ал бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, Кыргызстандын улуттук экономикасын өнүктүрүүгө салым кошот деген үмүт билдирди.

Өз кезегинде Элчи А.Исмаилова бүгүнкү күндө тараптар Кыргыз Республикасындагы төлөм инфраструктурасын натыйжалуу жана жемиштүү өнүктүрүү үчүн бекем негиз түздү деген ишенимин билдирди. Ал Кыргыз Республикасында “Соода кызматтарын көрсөтүүчү” долбоорун ишке ашыруу жана «BC Card», «Smatro» жана «Элкарт» төлөм системаларынын интеграциясы Кыргызстандын каржы жана төлөм системасын жаңы деңгээлге чыгарарына ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK