2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен Түштүк Кореянын «БНК» банкынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы өттү.

246

2023-жылдын 18-майында Бишкек шаарында Түштүк Кореянын «БНК» банкынын башкы директору Ким Сонг Джонун, Түштүк Кореянын Финансылык кызматтар комиссиясынын төрагасынын орун басары Ким Сонг Ёнг, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вонджэ жана башка ардактуу коноктордун катышуусунда Түштүк Кореянын «БНК» банкынын өкүлчүлүгүнүн ачылыш аземи болуп өттү.

Ким Сонг Джу өз сөзүндө компаниянын дүйнөдөгү өкүлчүлүгүн кеңейтүүгө жана Бишкек шаарындагы офисти ачууга мүмкүнчүлүк түзүп берген, ишеним жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирди жана компаниянын Кыргыз Республикасында өкүлчүлүгүн ачууга көмөктөшкөн кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, «БНК» чет өлкөлөрдө жигердүү кызмат көрсөткөн эл аралык финансылык институту болуп эсептелет жана бүгүнкү күнгө чейин Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө 6 компанияны, анын ичинде Кыргыз Республикасында офистерин негиздеген.

Өз кезегинде элчи А.Исмаилова корей бизнесинин Кыргыз Республикасында болушун кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Ал белгилегендей, эки өлкөнүн кызматташуусу банк тармагында да жанданууда. Кыргыз Республикасы үчүн «БНК» сыяктуу ири банктын өкүлчүлүгүнүн ачылышы маанилүү окуя болуп саналат. Ал банктын өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгү жемиштүү жана үзүрлүү болуп, эки өлкөнүн ортосундагы соода жана инвестициялардын деңгээлин жогорулатууга салым кошоруна ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK