2023-жылдын 29-июнунан 1-июлуна чейин Сеул шаарында “Korea Import Fair 2023” эл аралык көргөзмөсү болуп өттү, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандын Корея Республикасындагы Соода үйү Кыргызстандын экспорттук потенциалы менен тааныштырды

291

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандын экспорттук потенциалын илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023-жылдын 29-июнунан 1-июлуна чейин Сеул шаарында Кыргызстандын Корея Республикасындагы Соода үйү тарабынан Кыргызстандын "Korea Import Fair 2023" эл аралык көргөзмөсүндө экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүлдү.

Көргөзмөгө ата мекендик продукциялар: бал, кыям, кургатылган жемиштер, шоколад, улуттук суусундуктар ж.б.  Бул көргөзмөнүн жүрүшүндө келген коноктор Кыргызстанда өндүрүлгөн кыргыз боорсоктор жана башка товарлар жана суусундуктар менен бал сунушталган.

2023-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси А.Исмаилованын, Корея Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катышуусунда көргөзмөнүн расмий ачылышына катышты.

Маалымат үчүн: Жыл сайын өтүүчү «Korea Import Fair» көргөзмөсү Түштүк Кореяда чет мамлекеттердин товарларын жана продукцияларын илгерилетүү боюнча эң ири эл аралык көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK