2023-жылдын 21-июлунда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин көмөгү менен «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК жана кореялык «BC Card» жана «Smartro» компанияларынын ортосунда «BC Card Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Кыргыз Республикасында Соода тейлөө провайдерин түзүү жөнүндө Уюштуруу келишимине кол коюлду.

156

Кыргызстанда “Соода кызматтарын көрсөтүүчү ” долбоорун ишке ашыруу санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө жана накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн жогорулатууга олуттуу салым кошот, ошондой эле Кыргызстандагы каржылык төлөм системасын жаңы деңгээлге чыгарат. Келишим бир гана инвестициялык долбоор эмес, ошондой эле долбоор, аны ишке ашыруу “көмүскө экономикадан” чыгуунун маанилүү кадамдарынын бири болуп саналат.

Буга чейин корей тарабы КР көмүскөдө калган каржысы боюнча изилдөө гөткөргөн. Кореялык адистердин айтымында, алардын үлүшү 72%.

жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова, бул келишимге кол коюу Кыргыз Республикасынын экономикасынын ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөк көрсөтөт. Кол коюу соода-экономикалык жана биринчи кезекте финансылык багытта биздин эки тараптуу кызматташтыкка өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн өтө маанилүү жана индикатордук кадам болуп саналганын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK