Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Корея Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

195

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин иштеп чыгуусу менен 2023-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраевдин Корея Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо министри Хан Хва-Чжин менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Т.Ибраев корея тарапка өлкөнүн энергетикалык потенциалы, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагы жана энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде кореялык тарап энергиянын кайра жаралуучу булактары жана ГЭСтерди модернизациялоо жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарындагы түтүн көйгөйүн чечүүдө консультациялык жана технологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосунда энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK