Элчи А.Исмаилованын «Hanlim Architecture Group» компаниясынын төрагасы Пак Жин Сун менен жолугушту

236

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А. Исмаилова өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн потенциалын баса белгилеп, өлкөдө инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди жана мындан ары да жемиштүү өз ара аракеттенүүгө ишенимин билдирди.
А.Исмаилова Кыргызстанда ири энергетикалык, экологиялык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн «Hanlim Architecture Group» компаниясын тартууга кызыкдар экендигин билдирди.
Өз кезегинде, Пак Жин Сун компаниянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Компания Кореянын башка ири компаниялары менен биргеликте Корея аймагында да, чет өлкөлөрдө да долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасына ээ экендигин билдирди (Daewoo, Samsung, Lotte ж.б.) Атап айтканда, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө (Вьетнам, Камбоджа, Мьянма, Индия) ийгиликтүү кызматташууну белгилеп өттү, аларда жаңы шаарларды куруу боюнча долбоорлор ишке ашырылып жана «Hanlim Architecture Group» компаниясынын өкүлчүлүктөрү ийгиликтүү иштеп жатат. Жаңы перспективалуу рынокторду жана өлкөлөрдү өздөштүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Маалымат үчүн: «Hanlim Architecture Group» компаниясы 2002-жылы негизделген. Компания ири энергетикалык, экологиялык жана инфраструктуралык долбоорлорду (турак үйлөр, мейманканалар, гольф-клубдар, экологиялык таза шаарлар), дизайнын иштеп чыгууга, консалтингге адистешкен.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK