Элчи А.Исмаилованын Пучхон шаарынын мэри Чо Ён Ик менен жолугушту

253

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи А. Исмаилова Кыргыз Республикасынын Соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалын тааныштырып, эки өлкөнүн шаарларынын деңгээлинде аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын шаарларынын бири менен боордоштук мамиле түзүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Чо Ён Ик Пучхон шаарынын өнүгүү тарыхы жөнүндө маалымат берди. Пучхон Кореянын маданий жактан өнүккөн шаарларынын бири экендигин белгиледи. Пучхон шаары Кыргызстан менен экономика, маданият, медицина жана башка тармактарда тыгыз байланыштарды түзүүгө жана Кыргызстандын шаарларынын бири менен боордош байланыштарды түзүүнү кароого даярдыгын билдирди.

Маалымат үчүн: Пучхон - Кенгидо провинциясындагы шаар (Сеулдан 50 км), калкы 900 миңге жакын. 1973-жылы негизделген. Шаарда Соода-өнөр жай палатасы, университеттер, компаниялар, анын ичинде косметикалык компаниялар бар.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK