Кыргыз Республикасына футбол топторун тапшыруу аземи болуп өттү

346

2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасына футбол топторун тапшыруу аземи болуп өттү.

«Unification Culture Corp.» компаниясы тарабынан берилген кореялык «Nassau» брендиндеги 1004 футболдук топтор жана 250 атайын насостор Кыргыз Республикасында балдар футболун өнүктүрүүгө багытталат. Элчиликтин сунушу менен футбол топторуна "Ак Шумкар" деген жазуу түшүрүлгөн.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Элчи А.Исмаилова ар кандай спорттук товарларды чыгарган кореялык «Nassau» компаниясынын башчысы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Исмаилова Кыргызстанда спорттук товарлар өндүрүшүн ачууну сунуштады жана бул иш-чара Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр спортунун өнүгүшүнө түрткү берерин белгиледи.

Маалымат иретинде: «Nassau» компаниясы 1971-жылы негизделген жана кеңири спектрдеги спорттук товарларды чыгаруу менен алектенет. Компаниянын өндүрүшү негизинен Кытайда жайгашкан.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK