Элчи Аида Исмаилованын кореялык «Kорея Tелеком» корпорациясынын жаңы дайындалган башкы аткаруучу директору Йонсоп Ким менен жолугушуусу болду

362

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын «Kорея Tелеком» корпорациясы менен кызматташуусунун активдешүүсүн жогору баалашты.

Элчи А.Исмаилова учурда Кыргызстанда ишке ашырыла баштаган «көмүскө» экономикадан чыгуунун маанилүү кадамы болгон Каржы (төлөм) инфраструктурасын түзүү долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишимге кол коюнун маанилүүлүгүн белгиледи. "Улуттук санариптик трансформация стратегиясын» иштеп чыккандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстанда «KT» менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасын жакшыртуу боюнча бир катар гранттык долбоорлор иштелип жатканын баса белгиледи. Дата-борборлорду жана билим берүү-борборлорду түзүү боюнча корей тарап менен долбоорлорду ишке ашырууну кароону сунуштады.

Йонсоп Ким башкы аткаруучу директору, компания менен кыргыз тараптын мындан ары кызматташуусуна кызыкдар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында А.Исмаилова өлкөнүн соода-экономикалык потенциалы тууралуу айтып берди жана Йонсоп Кимди Кыргыз Республикасына келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK