Элчи А. Исмаилова Инчон шаарынын мэри Ю Чон Бок менен жолугушту

276

Ыйгарым Укуктуу Элчиси А. Исмаилова Инчон шаарынын мэри Ю Чон Бок менен жолугушту.

Жолугушууда А.Исмаилова Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалы жана келечеги тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берип, алардын өлкөдөгү инвестициялык климатка тийгизген оң таасирин баса белгиледи. Мындан сырткары А. Исмаилова Кыргызстандын инвестициялык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, бул тармактарда Кыргызстандын шаарлары жана аймактары менен кызматташууну активдүү өнүктүрүүгө чакырды.

Өз кезегинде мэр Ю Чон Бок Инчон шаарын Кыргыз Республикасы менен кызматташууну активдештирүүгө толук колдоосун жана даярдыгын билдирди. Ал ар кандай тармактарда, анын ичинде экономика, маданият жана туризмде өнөктөштүктү тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK