Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн атайын www.finsabat.kg сайтын ишке киргизүү жөнүндө

291

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана алардын ичинде чет өлкөдө иштеп жаткан мекендештерибиздин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын веб-сайт (www.finsabat.kg) ишке киргизилгени маалымдайт.

Бул веб-сайтта бюджет, каражат топтоо, кредиттер жана карыздар, инвестициялоо, төлөмдөр жана акча которуулар, финансылык коопсуздук, камсыздандыруу жана башка темалар боюнча маалыматтар топтолгон.

Мындан тышкары, Улуттук банк акыркы жаңылыктарды жана пайдалуу маалыматты алуу үчүн мекендештерибизди Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы Финсабат баракчаларына катталууга чакырат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK