Консулдук каттоо

Консулдук каттоо

Урматтуу Германия Федеративдүү Республикасынын, Дания Королдугунун, Норвегия Королдугунун, Польша Республикасынын жана Швеция Королдугунун аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары.

Каттоо жана консулдук каттоодон өтүү аракеттери Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилигине же Консулдугуна келүүнүн зарылдыгы жок, аралыктан дагы жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Каттоо жана консулдук каттоодон чыгаруу акысыз.

Көңүл бургула! Консулдук каттоодон өтүү жаранды консулдук каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берген учурга чейин кийинки узартууну талап кылбайт.

Консулдук каттоодон өтүү үчүн Германиянын Федералдык штаттарында жашаган жери боюнча төмөнкүдөй жөнөтүү керек:

Berlin, Hamburg, Brandenburg, Sachsen, Sachsen-Anhalt, Mecklenburg-Vorpommern, Schleswig-Holstein, Niedersachsen, Thüringen, Bremen, Дания, Польша, Норвегия, Швецияга kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу.

Hessen, Bayern, Saarland, Baden-Württemberg, Rheinland-Pfalz, Nordrhein-Westfalen kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg электрондук почтасы аркылуу.

Төмөнкү документтер берилет:

- жарандын фотосүрөтү чапталган негизги беттен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы паспортунун көчүрмөсү (чет элдик паспорт);

- сүрөтү менен толтурулган анкета (3см х 4см) (Link to file);

- "Каттоодон чыгарылды" деген штамп менен дарек баракчасы (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).