12-ноябрында шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуусу аяктайт

2798

Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги, 2021-жылдын 12-ноябрында шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо үчүн жарандардан арыздарды кабыл алуу аяктарын эске салат. Ошол эле учурда, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган Кыргызстандын жарандары 2021-жылдын 15-ноябрына чейин шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоодон өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшыра алышат.

Урматтуу шайлоочулар!

Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүз тууралуу маалыматты тактаңыз:

1. «tizme.gov.kg» сайтында;

2. № 9029 (Берлин ш. Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинде), № 9030 (Кыргыз Республикасынын Франкфурт/Майн ш. Консулдук агенттигинде), № 9031 (Бонн ш. Элчиликтин бөлүмүндө) шайлоо участокторунда.

Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) Сиз Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсүн тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жѳнүндѳ арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуусуз. Мында шайлоочу белгиленген консулдук мекемелерден консулдук каттоо жана биометрикалык идентификациядан өтөт.

Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде шайлоочулардын тизмесине киргизилген, Кыргыз Республикасынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошуп алганда) шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK