Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Ө.Текебаев менен Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Маркус Бирхер мырза менен жолугушуусу тууралуу пресс-релиз

1621

2022-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Нюрнберг шаарында Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча Федералдык агенттигинин Эл аралык департаментинин башчысы Маркус Бирхер мырза менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарын Германияда ишке орноштурууну уюштуруу маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстандын жогорку жана кесиптик билим берүү системасы, эмгек рыногу жана Кыргызстандын жарандарынын Германияда ишке орношууга болгон кызыгуусу тууралуу кеңири маалымат берди. Элчи белгилегендей, учурда бул процесс Кыргыз Республикасында 12 ге жакын жеке компаниялар тарабынан системалаштырылбаган түрдө жүрүп жатат. Ушуга байланыштуу Элчиси Ө.Текебаев кыргыз жарандарын Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу боюнча эки тараптуу келишим түзүүнү сунуштады.

М.Бирхер мырза Германияда демографиялык кризистен жана жаш кадрлардын жетишсиздигинен улам Германиянын иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиги чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынан да квалификациялуу адистерди тартууга кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, Германиянын эмгек рыногунда эң көп талап кылынган тармактар туризм, мейманканада иштөө, логистика, кол өнөрчүлүк, курулуш ж.б. Ошол эле учурда Германияда жумушка орношуунун негизги шарттары катары, немис тилин тиешелүү деңгээлде билүү зарылчылыгы менен бирге, кесиптик дипломдун болушу талаптанат.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз жана герман тараптардын ортосунда тиешелүү Меморандумду жакын арада түзүү маселеси макулдашылды жана ал Меморандумда кыргызстандык адистерди Германияга даярдоо жана ишке орноштуруу боюнча конкреттүү кадамдар чагылдырылат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK