2022-жылдын 25-июнунда Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия жериндеги Кёльн шаарынын сейил багында «Мурас» коомдук бирикменин тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуу пикник форматында өттү.
2022-жылдын 25-июнунда Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия жериндеги Кёльн шаарынын сейил багында «Мурас» коомдук бирикменин тарабынан уюштурулган мекендештердин жолугушуу пикник форматында өттү.
Бул иш-чарага батыш Германиянын ар кайсы шаарлардан 200гө жакын кыргызстандык чогулду. Ага Кыргызстандын Элчилигинин Бонндогу бөлүмүнүн өкүлү да катышты.
Иш-чаранын алкагында кыргыз тилинде оюн-зоок программасы, сынактар жана викториналар, ошондой эле улуттук жана спорттук оюндар уюштурулду.
Жолугушуунун катышуучуларына кыргыздын популярдуу ырчысы Мерген Турган, ошондой эле «Арт роботтор» (мурдагы Тумар КР) бий тобу өнөрлөрүн тартуулашты.