2022-жылдын 21-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин ортосунда Кыргызстандын жарандарын даярдоо жана Германияда ишке орноштуруу маселелери боюнча кызматташууну ɵнʏктʏрʏʏгɵ багытталган ɵз ара тʏшʏнʏшʏʏ Меморандумга кол коюлду.

1609

Германиянын делегациясы менен сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев катышып, бул Меморандум кыргыз адистерин окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана ишке орноштуруу максатында системалуу түрдө даярдоо жана Германияга жиберʏʏ ʏчʏн жакшы негиз болуп берерин жана бул Кыргыз Республикасына жаңы билимдерди жана технологияларды тартууга багытталгандыгын белгиледи.

2022-жылдын 21-22-сентябрында Германиянын Иш менен камсыз кылуу боюнча федералдык агенттигинин делегациясынын Кыргызстанга болгон бул биринчи иш сапарынын алкагында кыргызстандык адистерди Германияда кийин жумушка орноштуруу үчүн комплекстүү даярдоо, анын ичинде немис тилин окутуу, дипломдорду таануу, биргелешкен пилоттук долбоорлор ишке ашыруу маселелери каралып жатат. 22-сентябрда Германиянын делегациясы Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана университеттери менен сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Меморандумга кол коюу жана германиялык делегациянын Кыргыз Республикасына сапарын уюштуруу Кыргыз Республикасынын Элчиси Өмүрбек Текебаевдин активдүү жардамы менен иштелип чыкты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK