2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Белес» компаниясынын Башкы директору Мирбек Аскалиев менен жолугушуусу өттү

1064

2022-жылдын 31-октябрында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев «Белес» компаниясынын Башкы директору Мирбек Аскалиев менен жолугушуусу өттү, анын алкагында «Белес» компаниясы менен коомдук жүргүнчүлөр транспортун өндүрүү тармагындагы германиялык компанияларынын ортосунда байланыштарды түзүү жолдору талкууланды.

Ишкер М.Аскалиев нидерландиялык «DAF Components» жана германиялык «ZF Friedrichshafen AG» компанияларынын жетекчилиги менен болгон жолугушуулар, ошондой эле аталган компаниялар менен кызматташуу пландары тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, ишкер европалык логистикалык компаниялар үчүн оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. М.Аскалиев Германиянын автомобил өнөр жайынын квалификациялуу адистерге болгон муктаждыгын эске алып, «Белес» компаниясынын базасында германиялык автоунаа чыгаруучу компаниялар үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо пландары жөнүндө айтып берди.

Элчи Өмүрбек Текебаев германиялык компаниялары менен кызматташууну түзүүдө жана өнүктүрүүдө Элчилик «Белес» компаниясына ар кандай жардам көрсөтөрүн баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK