2022-жылдын 23-ноябрында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту

972

2022-жылдын 23-ноябрында Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин Аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолукту.

 Жолугушуу убагында Элчи Ө.Текебаев бир катар долбоорлорду сунуш кылды, айрыкча кайра жаралуучу энергетика тармагында, Кыргызстанда кремнийди чыгаруучу завод куруу тууралуу жана Кыргызстан менен Германиянын банктарынын ортосунда кызматташтыкты орнотуу тууралуу.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Германиянын экономика жаатында 2023-жылы боло турган иш-чаралар талкууланды.

 Элчи Ө.Текебаев М.Хармс мырзаны Чыгыш комитеттин түзүлгөнүнүн 70-жылдыгы менен куттуктап, мындан ары да албан ийгиликтерди каалады.

Маалымат үчүн: Германиянын экономикасынын Чыгыш комитети Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Германиянын эң ири уюму. Чыгыш комитетинин мүчөлөрү болуп 350 германдык компаниялар кирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK