2022-жылдын 11-июнунда Германиянын Гессен Федералдык аймагындагы Майндагы Франкфурт шаарынын паркында кыргызстандыктардын „Frankfurt Kyrgyz Community“ коому тарабынан уюштурулган эс алуу иш-чарасы болуп өттү

1307

2022-жылдын 11-июнунда Германиянын Гессен Федералдык аймагындагы Майндагы Франкфурт шаарынын паркында кыргызстандыктардын Frankfurt Kyrgyz Community коому тарабынан уюштурулган эс алуу иш-чарасы болуп өттү.

Бул иш-чарага Германиянын ар кайсы шаарларынан келген 200гө жакын кыргызстандыктар, анын ичинде Майндагы Франкфурт шаарындагы Кыргыз Республикасынын Консулдук агенттигинин өкүлү катышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары келген конокторго кыргыз ырчыларынын аткаруусунда музыкалык программа тартуулап, анда кыргыздын ыр-күүлөрү жаңырды, ар түрдүү улуттук тамак-аштар, суусундуктар берилди. Иш-чаранын катышуучулары үчүн улуттук жана спорттук оюндар, ошондой эле ар кандай викториналар жана сынактар уюштурулду.

Мындай иш-чаралар Германиядагы кыргызстандыктардын ынтымагын мындан ары дагы бекемдөөгө жана кыргыз маданиятын, каада-салтын немис жергесинде жайылтууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK