2022-жылдын 12-июнунда Германиянын Бранденбург федералдык округунун борбору Потсдам шаарында жайгашкан боз ʏй айылында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коому тарабынан уюштурулган жылдык салттуу жыйын болду

1395

2022-жылдын 12-июнунда Германиянын Бранденбург федералдык округунун борбору Потсдам шаарында жайгашкан боз ʏй айылында Берлин шаарындагы Кыргыз-герман маданий коому тарабынан уюштурулган жылдык салттуу жыйын болуп, ага 100гө жакын кыргызстандыктар катышты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы элчилигинин кызматкерлери.

"Страна кочевников (Nomadenland, https://www.nomadenland.de/)" деп аталган боз ʏй айылы Потсдам шаарынын борбордук паркында жайгашкан. Анын жетекчиси Маттиас Михель көп жылдан бери шаардын тургундарын жана конокторун кыргыз элинин маданияты жана каада-салттары менен тааныштырып келе жатат. Боз ʏй айылынын конокторуна ошону менен бирге боз ʏйдө тʏнөп кетʏʏ, балдар ʏчʏн жомоктор жана ар кандай оюндар сунуш кылынат.

Коноктор боз ʏйдʏн ички жасалгалары менен таанышты жана кыргыз улуттук тамактарынан ооз тийишти. Мындай иш-чаралар Германиядагы кыргызстандыктардын ынтымагын мындан ары дагы бекемдөөгө жана кыргыз маданиятын, каада-салтын немис жергесинде жайылтууга өбөлгө түзөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK