2021-жылдын 3-ноябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин кызматкеринин Германиялык академикалык алмашуу кызматынын (DAAD) Берлин шаарындагы өкʏлчʏлʏгʏнʏн башчысы Кай Франке менен жолугушуусу болду.

2887

Жолугушуу учурунда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда Германиялык академикалык алмашуу кызматынын (DAAD) алкагында кызматташуу маселелери талкууланды. Тараптар DAAD алкагында кызматташууну кеңейтʏʏ зарылдыгын жана Германиялык академикалык алмашуу кызматынын (DAAD) стипендиялык программаларында кыргызстандык өкʏлдөрдʏн катышуусун келечекте кʏчөтʏʏ иштерин белгилешти.

Бишкек шаарында Германиялык академикалык алмашуу кызматынын (DAAD) өкʏлчʏлʏгʏ 1992-жылы ачылган. DAAD жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандарына Германияда бакалавр, магистратура, докторантура боюнча билим алуу, Кыргызстанда жайкы курстарды өтʏʏ, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын шерик мектептеринин кызматташуусу боюнча стипендияларды берип турат.

DAADнын стипендиялык программалары боюнча толук маалыматты https://www.daad.de/de/laenderinformationen/asien/kirgisistan/ дарегинен алса болот.

DAADнын Кыргызстандагы өкʏлчʏлʏгʏ тууралуу маалымат https://www.daad-kyrgyzstan.org/de/ дареги боюнча жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK