Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Н.Аннен мырза менен жолугушту

4310

2020-жылдын 2-октябрында, Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик министри Н.Аннен мырза менен жолугушуп, анда артыкчылыктуу маселелер жана кыргыз-герман мамилелерин өнүктүрүүнүн негизги багыттары талкууланды.

Жолугушууда мындан тышкары саясий диалогду мындан ары өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну ар кандай тармактарда бекемдөөүчүн иш сапарлар менен алмашуу жана эки тараптуу иш-чараларды өткөрүү пландары талкууланды.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана Германиядагы учурдагы кырдаал жана анын кесепеттери жөнүндө маалымат алмашуу болду. Герман тарап Кыргыз Республикасына, анын ичинде коронавируска каршы күрөшүү жаатында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирилди.

Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн шартында биздин аймакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган Германиянын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында натыйжалуу жана жөндөмдүү долбоорлорду ишке ашырууга Кыргыз Республикасы кызыгуусун арттыргандыгын билдирди.

Учурдан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев Мамлекеттик министр Н.Анненди Германиянын биригишинин 30 жылдыгы жана 3-октябрда жыл сайын белгиленүүчү Германиянын Биримдик күнү менен куттуктады.

Өз кезегинде, Мамлекеттик министр Н.Аннен Кыргызстандын парламенттик демократияны жана жарандык коомду өнүктүрүүдө маанилүү ийгиликтерин белгилеп, ушул жылдын 4-октябрында өлкөбүздө кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүүгө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK