Дипломатиялык миссиянын башчысы

Текебаев Өмүрбек Чиркешович
Текебаев Өмүрбек Чиркешович эмгек жолун 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Акман айылындагы орто мектепте физика мугалими болуп баштаган.
1981-жылдын ноябрь айынан тартып 1983-жылдын декабрь айына чейин Советтик Армиянын катарында кызмат өткөздү.
1984-жылы орто мектептин мугалими катары ишин улантты.
1986-1987 жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда алгач лаборант, андан соң ага дайындоочу, ага лаборант кызматтарында эмгектенди.
1987-1991 жылдары – физика жана математика мугалими, кечирээк Базар-Коргон районунун билим берүү бөлүмүндө методист катары эмгектенди.
1991-жылдын апрель айында Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишмерчиликти колдоо башкармалагынын башчысы болуп дайындалды.
1991-1992 жылдары – «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы.
1991-жылдын сентябрь айында СССРдин Жогорку Кеңешинин, Республикалар Кеңешинин Юридикалык маселелери боюнча комитетинин мүчөсү катары шайланган.
1992-1994-жылдары Жалал-Абад облусттук администрациясынын башчысынын орун басары кызмат ордун ээлеген.
1994-жылдан тартып азыркы убакытка чейин «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын төрагасы. 2022-жылдын 3-февралынан тартып партиядагы мүчөлүгүн убактылуу токтотту.
1990-1995 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.
1995-жылдан тартып 2000-жылга чейин - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын I чакырылыштагы депутаты, Мамлектеттик түзүм жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы.
2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын II чакырылыштагы депутаты, анын ичинде 2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары болгон.
2002-жылы - Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары.
2005-2006-жылдары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылыштагы депутаты.
2005-жылы - Конституциялык кеңешменин төрагасы.
2010-жылдын апрель айынан июль айына чейин Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон.
2010-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болгон.
2012-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Сот системасын реформалоодо биргеликтүү сунуштарды иштеп чыгуу боюнча комиссиясынын жетекчиси болуп дайындалган.
2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты, «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланган.
2011-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын ЕККУнун Парламенттик ассамблеясындагы делегациясынын мүчөсү болгон.
2013-2017-жылдары Венециялык комиссиянын (Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиясы) мүчөсү болгон.
Ө.Текебаев – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Мамлекеттик кызматтын I класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
II даражадагы «Манас» ордени, «Апрель элдик революциясынын батыры» төш белгиси, КМШ Парламенттик ассамблеясынын «Содружество» ордени менен сыйланган.