Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев Конрад Аденауэр фондунун өкүлү, Доктор Петер Хефеле менен жолугушту
2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев Конрад Аденауэр фондунун өкүлү, Доктор Петер Хефеле менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Германиянын коомдук-саясий фонддору менен кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Тараптар Кыргыз Республикасы менен К.Аденауэр фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн өнүгүүсүнө канааттануусун белгилеп, ар кандай тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.