Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигинин (NABU) Аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугушту

3448

2021-жылдын 17-февралында Берлиндеги Кыргыз Республикасынын Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Эрлан Абдылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигинин (NABU) Аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугушту.

Элчи Э.Абдылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигине көп жылдар бою үзүрлүү кызматташтыгы жана Кыргызстандын жаратылышты коргоо жаатында NABU долбоорлорун ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Илбирсти популяризациялоо жана жашоо чөйрөсүн коргоо максатында Кыргызстанда жаңы реабилитациялык борбордун ачылышына жолугушууда өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө маектештер аймактык экологиялык кызматташтыктын негизги багыттары боюнча пикир алмашып, Борбордук Азиядагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  • Элчи Э.Абдылдаев Германиянын Жаратылышты коргоо бирлигине көп жылдар бою үзүрлүү кызматташтыгы жана Кыргызстандын жаратылышты коргоо жаатында NABU долбоорлорун ишке ашырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK