Мекендештерге ыраазычылык

3944

2021-жылдын 23-февралында Польшада каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны, Э.У. сөөгүн «Жүк-200» менен жөнөтүү үчүн каражат чогултууга жардам көрсөткөн Польшада жана Германияда жашаган мекендештерге Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилиги ыраазычылык билдирет.

«Жүк-200» Кыргызстанга 2021-жылдын 22-мартында келди.

Ушул мезгилге чейин «Жүк-200» Мекенге жиберүү маселелси боюнча активдүү иштеген Кыргыз Республикасынын Польша Республикасындагы Ардактуу консулу Януш Кшивошинский мырзага жана маркумдун
үй-бүлөөсүнүн өкүлү Манасбек Төрөбеков мырзага терең ыраазычылык билдиребиз.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Польшадагы Ардактуу консулунун жигердүү жардамы менен, жумуш берүүчү «Жүк-200» Кыргызстанга жеткирүү боюнча баардык чыгымдарды өз мойнуна алды, ал эми өз кезегинде мекендештерден чогултулган каражат колдоо иретинде маркумдун үй-бүлөөсүнө которулат.

Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына байланыштуу мындай оор кырдаалда жардам берүүгө даяр мекендештердин тилектештиги маанилүү ролду ойнойт.

Элчилик маркумдун үй-бүлөөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK