Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору М.Хармс менен онлайн форматында жолугушуу өткөрдү

3483

2021-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев Германия экономикасынын чыгыш комитетинин аткаруучу директору М.Хармс менен онлайн форматында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу алкагында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы соода экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Германия экономикасынын чыгыш комитети менен кызматташууну жигердетүү маселелери талкууланды.

Маалымат катары: Германия экономикасынын чыгыш комитетинин 1952 – жылы ишкерлерди камтыган орган катары түзүлгөн. Азыркы тапта комитетте мүчө катары 400дөн ашык кичи жана орто ишканалар бар. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK