2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы министри Чыңгыз Айдарбековдун Кыргыз Республикасынын Элчилери жана Башкы консулдары менен жолугушуусу болуп өттү

6289

2019-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы министри Чыңгыз Айдарбековдун Кыргыз Республикасынын Элчилери жана Башкы консулдары менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчыларынын эки күндүк Кеңешмесинин жыйынтыктары чыгарылды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жана К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиянын жетекчилиги менен кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ведомствосунун жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан коюлган бардык милдеттерди натыйжалуу жана комплекстүү аткаруу зарылчылыгы белгиленди. Коюлган милдеттер боюнча иштерди аткаруу үчүн жалпыланган план Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жакынкы күндөрү жөнөтүлөрүнө көңүл бурулду.

Эл аралык аренада өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча системалык ишти күчөтүүнүн, экономикалык дипломатияны илгерилетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишти өркүндөтүүнүн маанилүүлүгүн Министр баса белгиледи. 
Жылдын жыйынтыктары боюнча өлкө жетекчили тарабынан коюлган милдеттердин жана тапшырмалардын негизинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ар бир башчысынын ишине баа берилет.

Булак: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрилигинин Маалымат департаменти, www.mfa.gov.kg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK