2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

3833

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болот. Германияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоого катышуу ʏчʏн эмнелерди билиши керек жана Германиянын аймагында шайлоо кайсы жерлерде болот.

 

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасында маанилʏʏ саясий иш-чара – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (Парламентинин) депутаттарын шайлоо болот. Кыргызстанда шайлоону ачык-айкын жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрʏʏ боюнча бардык даярдыктар жʏрʏп жатат. Бул максатта парламенттик шайлоо маалымат технологиясынын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарынын негизинде жʏргʏзʏлөт. Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинен, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан ж.б. эл аралык байкоочулардын катышуусу кʏтʏлʏʏдө.

Шайлоо кʏнʏ 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, анын ичинде чет элде жашап жаткандар дагы өзʏнʏн шайлоо укугун ишке ашыра алат. Германиянын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрʏнʏн жашоо ордуна жараша Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинде (УШК №9029), Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинде (УШК №9030) жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлʏмʏндө (УШК №9031) добуш бере алышат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматты тапшырган жана консулдук каттоодо турган Кыргыз Республикасынын жарандары гана чет өлкөдө добуш бере алышат. Биометрикалык маалыматты тапшыруу ʏчʏн эмне кылуу керек? Ал ʏчʏн Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы жогоруда аталган ʏч өкʏлчʏлʏктөрʏнʏн бирине кайрылып, ал жерден бул процедурадан өтсө болот. Консулдук каттоого туруу жана каттоодон чыгуу дистанциялык негизде, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемелерине келбестен, жана акысыз негизде жʏргʏзʏлөт.

Эгерде Сиз биометрикалык маалыматты тапшырган болсоңуз жана консулдук каттоодо турсаңыз, анда Сиз автоматтык тʏрдө тийиштʏʏ участокто шайлоочулардын тизмесине киресиз. Тизмеден өзʏңʏздʏ онлайн жʏзʏндө https://tizme.gov.kg/ дареги боюнча жана Германиядагы жогоруда аталган ʏч шайлоо участокторунда 2021-жылдын 19-сентябрынан 12-ноябрына (менен кошо) чейин текшерсеңиз болот. Шайлоочуларды тааныштыруу жана өзʏ тууралуу маалыматты тактоо ʏчʏн тизмелер шайлоо участокторунда илинет.

Консулдук учетко турбаган жана биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинде, Кыргыз Республикасынын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигинде жана Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Бонн шаарындагы бөлʏмʏндө мындай процедурадан өтө алат жана өздөрʏнʏн паспорттук маалыматтарын тактай алат.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында «Тизме» порталында тʏзʏлөт жана жайгаштырылат, 2021-жылдын 21-ноябрында Участкалык шайлоо комиссиясында илинет.

2021-жылдын 28-ноябрында – Шайлоо кʏнʏ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картаны) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун ала келʏʏ керек. Кыргыз Республикасынын жарандарын Германияда жогоруда аталган ʏч шайлоо участокторунда 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00 тартып 20:00 чейин боло турган шайлоого катышууга жана жарандык активдʏʏ позицияны көрсөтʏʏгө чакырабыз.

Бардык суроолор боюнча төмөнкʏ даректерге кайрылууга болот:

Кыргыз Республикасынын Берлиндеги Элчилиги:
Офис: 00 49 30 364 11 860
Моб/WhatsApp: +49 176 80 83 52 60
E-mail: kgconsulate.berlin@mfa.gov.kg

Франкфурт-на-Майнедеги Кыргыз Республикасынын Консулдук агенттиги:
Офис: 00 49 69 95 40 39 26
Моб/WhatsApp: +49 159 01 63 56 14
E-mail: kgconsulate.frankfurt@mfa.gov.kg

Бонндогу Кыргыз Республикасынын Элчилигинин бөлʏмʏ:
Офис: 00 49 228 36 52 30
Моб/WhatsApp: +49 178 53 98 047
E-mail: 
kgconsulate.bonn@mfa.gov.kg

 

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчилигинин веб-сайты: www.mfa.gov.kg/berlin
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын веб-сайты: 
https://shailoo.gov.kg/ru/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK