2021-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдʏʏ Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаев азыркы учурда Германиянын Вальдбрёль шаарында жашап жаткан Кыргызстандын Чʏй областынын Ысык-Ата районунун Рот-Фронт (мурдагы Бергталь) айылынан жана Талас областынын Бакай-Ата районунун Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) айылынан келген этникалык немистер менен жолугушту.

2587

Жолугушуу учурунда “Рот-Фронт” Үлгʏлʏʏ дыйкан чарбасынын мурдагы төрагасы Абрам Фальк өзʏнʏн көп жылдаган иш тажрыйбасы, Рот-Фронт айылындагы немистер жана алардын жергиликтʏʏ калк менен биргеликте жана ынтымакта жашаган жашоосу тууралуу айтып берди. А.Фальк жетектеген чарба Кыргызстанда өндʏрʏш жʏргʏзʏʏнʏн немисче ыкмасын көрсөтө алган ʏлгʏлʏʏ чарба болгон.

1989-жылга чейин Кыргызстанда 110 миӊге жакын немис улутундагы жарандар жашаган. Азыркы учурда Кыргызстанда алардын саны 8 миӊден ашуун.

Германияда жашап жаткан Кыргызстандык немистер бʏгʏнкʏ кʏнгө чейин Кыргызстандагы өздөрʏнʏн туугандары, тааныштары жана достору менен байланышта болуп, аларга тийиштʏʏ жардам берип келе жатышат.

Элчи Э.Абдылдаев жолугушууга келген немис жердештерди Кыргызстан менен мындан ары дагы кызматташууга чакырды жана алардын арасындагы мыктыларына Элчиликтин алкыш баракчаларын тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK